Биз менен байланышыңыз

“Элитка” деп эмнени айтабыз же батирлердин техникалык өзгөчөлүктөрү

Блог | 14 Ноя 2022 | 642 | 0

Бишкектеги кыймылсыз мүлктөр тууралуу жарнамаларда “элитка үй сатылат” же “элитка батир ижарага берилет” деген сөздөрдү көп окуп же көрүп жүрөбүз. Айрыкча “элитка” делген кыймылсыз мүлктөрдүн баалары да башкаларга салыштырмалуу бир топ жогору. Мындан улам, биз кыймылсыз мүлктүн кандай түрүн эконом класс, комфорт, бизнес же премиум деп атоого болот деген суроону адистерге берип көрдүк. Кыргызстандагы алдыңкы курулуш компанияларынын бири “Авангард Стилдин” адистери “Маралга” бул тууралуу маек курду.

Кыймылсыз мүлктөр же батирлер 5 негизги критерийдин негизинде класстарга бөлүнөт:

  • -Турак жайдын курулуу техникасы
  • -Курулуш материалы
  • -Терезе тутумдары
  • -Бөлмө өлчөмдөрү
  • -Техникалык жабдуулар

Эконом-класс

Мындай эконом-класстагы үйлөр көп учурда монолиттүү конструкция менен кирпичтен же панелден жасалган үй болушу мүмкүн.

-Бөлмөлөрдүн өлчөмдөрү кичинекей, колонналардын аралыгы 6 метрден ашпайт.

-Фасадка синтетикалык жасалгалоочу материалдар колдонулат  ( б.а. базальт буласы жок жылуулоо ж.б)

-Электр, жылытуу, сантехника боюнча арзан материалдарды колдонушат. Көп учурда мунун баарын кардар өз чөнтөгүнөн жасайт.

-Эң арзан арматуралар менен эң арзан пластик терезелер

-Лифт (эгер бар болсо) эң жөнөкөй жана эң кичинеси, желдетүү жана техникалык коңгуроолор жок.

-Нымдуу фасад, башкача айтканда декор үчүн гипс жана боек колдонулат.

Комфорт-класс

Комфорт класс турак-жайды курууда конструкциянын түрү боюнча үнөмдөө жагынан айырмаланышы мүмкүн

-Өлчөмдөрү эконом класс менен бирдей, колонналардын аралыгы 6 метрден ашат.

-Жылуулоо жана жасалгалоо материалдары да синтетикалык болуп, базальт буласынын жука катмары колдонулушу мүмкүн.

-Электр, жылытуу, сантехника боюнча арзан материалдарды колдонуп, кардар өзү жасайт.

-Орто баа категориясындагы пластик терезелер

-Орто баа категориясындагы лифт, айрымдарында домофон болушу мүмкүн

-Аба киргизүүчү желдеткич

-Фасадды кооздоодо эконом класстан жакшыраак каражаттар колдонулат.

Бизнес-класс

-Курулуш монолиттик каркас менен кыштан курулат.

-Жогорку сапаттагы желдетилген фасад, сырткы материалы баалуу таштардан же фасаддык декор колдонулат.

-Алдыңкы терезе материалдары чет элдик өндүрүүчүлөрдүн пластикалык же алюминий профилинде болот.

-Бөлмө өлчөмдөрү ( колонналардын аралыгы) 7метрден ашык

-Жогорку сапаттагы электр материалы жез, монолитүү зымдар колдонулат.

-Сантехникасында алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн материалдары гана колдонулат. Толук электр зымдары, өрткө каршы системалары түтүн детектору сыяктуу коопсуздук, сенсор газ анализатору да орнотулат.

Премиум-класс

-Премиум класстагы турак үйлөрдө эң сапаттуу жана текшерүүдөн өткөн курулуш материалдары колдонулат.

-Бөлмөлөрдүн габарити колонналары 7 метрден ашык болот.

-Жылуулукту үнөмдөөчү алюминий терезелер коюлат.

-Дүйнөлүк бренддердин тез жүрүүчү лифттери орнотулат.

-Акылдуу үй элементтери бар.

-Фасады аба өткөрүүчү жана жылуулук, үн изоляциясы менен жасалат.

-Фасад жасалгалоого гранит, травертин/сары таш сыяктуу натуралдуу курулуш каражаттары колдонулат.

-Үйдүн тышкы жарыктандыруусу сөзсүз болот.

-Электр чубалгылары жез менен монолиттик системада орнотулуп, ишенимдүү жана алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн товары колдонулат. Өрт коопсуздугу боюнча алдын алуучу системалардын баары орнотулат.

Инфраструктурадагы айырмачылыктар

Албетте ар бир турак үйдүн инфраструктурасы да анын кайсы класска кире турганын аныктап турат.

Эконом-класста курулуш компания инфраструктурада дээрлик эч нерсе убадалабайт. Тагыраагы көп кабаттуу үй кире бериштери менен гана салынат.

Комфорт-класста жашыл зона, отургучтар жана айрым учурда балдар аянтчасы да болот.

Бизнес-класс — бул толук кандуу жашоого ыңгайлаштырылган турак үйлөр: жашылдандыруу, “унаасыз короо” системасы, көчө жарыктандыруусу, 24 сааттык видеокөзөмөл. Мындай жайда коопсуз жана комфортто жашайсыз.

Премиум-класс – бул жерде бардык нерсе камтылат: короону дизайнердик жасалгалоо, жашыл зона, 24 сааттык видеокөзөмөл, Workout жана спорттук аянтчалар, футбол, баскетбол ойноочу аянт, бир канча балдар ойноочу аянтчалар. Мунун баары бир концепция менен жасалат.

Батир сатып алууда курулуш компаниясын кантип туура тандоо керек?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM