Биз менен байланышыңыз

Батир сатып алууда курулуш компаниясын кантип туура тандоо керек?

Блог | 17 Окт 2022 | 592 | 0

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу күз мезгилинде күчөйт. Мындан улам, “Марал” радиосу батир сатып алуучулар үчүн курулуш компаниясын кантип туура тандоо боюнча кеңештерди топтоду.

Курулуш компаниясынын ишенимдүү экендигин төмөнкү үч нерсе аныктайт:

-Компаниянын репутациясы (ишине тактыгы);

-Курулуш тармагындагы тажрыйбасы (рыноктогу жасаган иштеринин жыйынтыгы, админстрациялык мүмкүнчүлүктөрү)

-Каржылык туруктуулугу (ар тараптуу жана стабилдүү каржы булактарынын болушу, кенен мүмкүнчүлүктөрү)

Курулуш компаниясынын өз убадаларын так аткаруусу, объекттердин өз убагында бүтүрүлүшү Мына ушул үч нерседен көз каранды.

Албетте курулушчулардын ишмердүүлүгүнө өлкөдөгү макро жана микроэкономикалык факторлор да таасир этет: мисалы, баалардын кескин жогорулашы, валюта курсу, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр ж.б. Бул жагдайлар беделдүү курулуш компанияларына да көйгөй жаратып, алардын ишмердүүлүгүн солгундатышы мүмкүн. Бирок буга карабай, репутациясы бекем, каржылык туруктуулугу жакшы жолго коюлган курулуш компаниясы кыйын абалдан кардарына зыян келтирбей туруп чыгып кете алат. Мындан улам сиз батир сатып алуудан мурун, аны салып жаткан курулуш компаниясын изилдеңиз.

Батир сатып алууда курулуш компаниясынын ишенимдүүлүгүн кантип аныктаса болот?

Алгач куруучу компаниянын сайтынан баштаганыңыз туура болот.

  • “Компания тууралуу” бөлүмүн карап чыгыңыз; компания канча жылдан бери иш алып барат, кантип өнүгүүдө, кандай жетишкендиктери бар?
  • “Долбоорлор/Объекттер” бөлүмү буга чейин курулган имараттары бар компаниялар үчүн маанилүү. Алар канча мөөнөттө тапшырылган, ишке ашыруу кандай жүргөн?
  • Ал эми жаңы даярдалып жаткан долбоорлор “кагаздагы объекттер” компаниянын тажрыйбасын эмес, амбициясын гана чагылдырат.

Курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, жеринен таанышкан эч убакта ашыкчалык кылбайт. Анткени “миң уккандан, бир көргөн артык”. Ошол эле учурда курулуштун жүрүшүндөгү коопсуздук, короосунун кеңдиги, колдонулуп жаткан материалдардын сапаттуулугун да өз көзүңүз менен көргөн болосуз.

Курулуштун темпи маанилүү

Курулуш компаниясынын ишенимдүүлүгүн текшерүүдө курулуштун жүрүү темпи да маанилүү. Айрым компаниялар курулуштун жүрүшүнөн фото-видео отчетторду сайтына, социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштырып турушат. Бул дагы жакшы ыкма, кардарлар үчүн иштин жүрүп жатканын көрсөтүп турат.

Маалымат үчүн: Курулуп жаткан көп кабаттуу үй монолит-бетондон тургузулуп жатса анда бир айда 2-3 кабат көтөрүлүшү керек. Эгер панелдик ыкмада курулуп жатса анда айына 4-5 кабат көтөрүлгөнү нормалдуу көрүнүш. Бул эми идеалдуу эсеп менен мисал келтирилди. Бирок иш жүзүндө көпчүлүк курулуш компаниялары бир нече айга кечеңдетип жиберген учурлар көп.

Курулуш компаниясы объекттерди тапшырууну эки этапка бөлөт. Биринчиси батирлердин ичин оңдоп-түзөө иштерине уруксат берүү (ПСО), экинчиси – эксплуатация. Мисалы, Кыргызстандагы алдыңкы курулуш компаниялардын бири «Авангард Стиль»  кардарлар менен келишим түзгөндө, объектти тапшыруу боюнча батирлердин ичин оңдоп-түзөө иштерине уруксат берүү мөөнөтүн так көрсөтөт. Эгер көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиксе анда ар бир кечиккен күн үчүн кардарларга туум төлөп берет. Пандемия учурунда көпчүлүк курулуш компаниялары объекттерди куруп бүткөрүүдө 4-5 айга чейин кечигип калган. «Авангард Стиль»  болгону 2-3 жума кечиккен.

Айрым компаниялар курулуш жүрүп жаткан объекттерге камера орнотуп, видео-трансляция коет. Сиз аны онлайн карап турууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эгер видеодо крандар иштеп, курулушчулар кыймылдап турса, бул дагы компаниянын ишенимдүү экенинин бир көрсөткүчү.

Мисалы, “Авангард Стиль” бардык курулуш объекттерине камера орноткон. Аны  www.avangardstyle.kg сайтынан же Ютуб каналынан түз эфирде көрсө болот.

“Элитка” деп эмнени айтабыз же батирлердин техникалык өзгөчөлүктөрү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM