Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекалык насыянын баштапкы төлөмүн 30%га көтөрүү сунушталууда

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 331 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары боюнча үй сатып алууда алгачкы төлөмдүн өлчөмүн (негизги катышуучулар үчүн) 10%дан 30%га чейин жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Ипотекалык кредит жылдык 4% менен 25 жылга чейин берилүүдө. Программа ишке киргенден тарта бир жыл ичинде өлкөнүн 48 миң жараны ипотекалык компаниянын электрондук порталында катталган. Анын ичинен:

-Программага катышууга жана ипотекалык кредит алууга 17 миң арыз жактырылды. Анын 2 миң 300ү ипотекалык кредит алды. 7 миң 400 катышуучу ипотекалык насыяны каржылоону күтүп жатышат, калган 7 миң 300 катышуучу банктарга кайрыла элек.

-Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасына катышуу үчүн 4 миң 500 жаңы арыздар текшерилип жатат. Ошол эле учурда, орто эсеп менен ай сайын мамлекеттик ипотекалык кредит алуу үчүн 1 миң 200 жаңы арыз келип түшүүдө;

-Калган 26 миң 500 жаран программага катышуу үчүн электрондук арызды толтуруп жатышат.

«Жогоруда көрсөтүлгөн статистикага ылайык, банкта күткөн катышуучуларга насыя берүү үчүн 21 млрд сомдон кем эмес каражат керек. Бул көрсөткүчтөр программаны каржылоонун негизги булагы – республикалык бюджетке жүктөм болот.

Жарандардын бош каражаттарын мобилизациялоо республикалык бюджетке жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. Мисалы, бүгүнкү күндө сатылып алынган турак жайдын наркынын 90% республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат, 10% жарандардын баштапкы төгүмү жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында долбоордо турак жай сатып алууда республикалык бюджеттин каражаттарынын үлүшүн 40%га чейин азайтуу сунушталууда. Демек 30% жарандын ТСККга жеке салымы, 30% ТСККнын депозиттик базасынын каражаты. Ушундан улам мамлекеттик ипотекалык кредитти берүүнүн саны эки эсе көбөйөт» , — деп айтылат маалыматта.

Команиянын маалыматы боюнча, 2022-жылда насыя алгандардын 80 пайызы баштапкы төгүм катары орточо 500 миң сом беришкен. Келечекте бул каражат депозиттик база болот.

Copyright © 2017 Maral FM