Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын улуттук курамасы 65 медаль утту

Кыска кабар | 14 Сен 2024 | 205 | 0

Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы 65 медаль — 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдеште ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, тыйын эңмей, салбуурун, тогуз коргоол, овари, мангала, көк бөрү, жер улак (көк пар), татар күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, ордо, алыш бел боо күрөшү, кураш, чүкө оюндары, эр эңиш, таяк тартыш, казак күрөшү, аркан тартыш жана оордуктарды көтөрүү боюнча 181 спортчу өлкө намысын коргоду.

Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн келген, 2500 ашык спортчу 21 спорттун түрүнөн катышты.

Copyright © 2017 Maral FM