Улуттук банк кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашада жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди.
Улуттук банк башкармасы 2022-жылдын 6-октябрында токтом чыгарып, Баткен менен Ошто жабыркаган насыя ээлерине көмөк көрсөтүүгө мониторинг кылууда.
26-октябрга карата финансы-кредит уюмдарына 372 насыя ээси кайрылган. 18 883 сом суммасына барабар болгон 268 насыя жоюлган, 20 миң 885 сомго жеткен 64 насыя реструктуризацияланган.
«Азыркы тапта финансы-кредит уюмдары жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт» , — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров сентябрда «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
14-17-сентябрь күндөрү болгон Тажикстандын куралдуу агрессиясынан Кыргызстандын 63 жараны, анын ичинен 48 аскер кызматкерлери каза болгон.
Жабыркаган 661 үйдүн 423ү жаңыдан курулууга, калган 238и кайрадан оңдоп түзөөгө муктаж. Кыргыз өкмөтү кол салуудан зыянга учураган чыгымдын алдын ала суммасын 3 млрд 130 млн сом деп эсептеген.