Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда улуттук аза күтүү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2022 | 703 | 0

Түштүк Кореяда улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.

30-октябрга караган түнү Сеул шаарынын Итхэвон районунда «Хэллоуин» майрамын белгилөө учурунда тыгын пайда болуп 150дөн ашык адам тебелендиде калып, каза болду, 100гө жакын киши жараат алды.

Өлкө президенти чукул брифинг өткөрүп, окяны трагедия деп атады жана иликтөө иштерин жүргүзүүгө убада берди.

Жабыркагандардын көбү 10 жаштан 30 жашка чейинкилер. Белгилүү болгондой, каза болгондордун арасында Иран, Кытай, Норвегия, Орусия жана Өзбекстандын жарандары бар экени айтылды.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова элчиликтин телефон номурлары иштеп жатканын фейсбуктагы баракчасына жазды.

Элчиликтин консулдук бөлүмү — 010-6891-2707.

+82 10-6891-2707 (WhatsApp) ишеним телефону.

Copyright © 2017 Maral FM