Биз менен байланышыңыз

Депутат: Эл аралык каржы институттарынын Кыргызстанга мамилеси өзгөрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 28 Окт 2022 | 266 | 0

Кыргызстандагы эл аралык медиаларды жабуу аракеттери келечекте Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Евразия өнүктүрүү банкы, Азия өндүктүрүү банкы өңдүү каржы институттарынын Кыргызстанга болгон мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мындай пикирин депутат Жанар Акаев “Альянс” фракциясынын 28-октябрдагы жыйынында айтты.

«Менде бул каржы институттары Кыргызстанга болгон мамилесин өзгөртүшү, каржылоону токтотушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Буга жол берилбеши керек. Батыш, Европа өлкөлөрүндө биздин жүз миңдеген мекедештерибиз иштейт. Визалык эрежелерге, акча которуу саясатына зыяны тийбесе экен деген кабатырлануу бар. Ушуну эске алышыбыз керек» , — деди депутат Акаев.

26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин “Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген” материалдары үчүн эки айга токтоткон.

Буга байланыштуу 28-октябрда башка эркин ЖМКлар тилектештик акциясын өткөрүп, саат 9:00дөн 12:00гө чейин жаңылыктарды чыгарышкан жок. Ошондой эле бүгүн күн бою журналисттер мамлекеттик органдардан келген расмий маалыматтарды жарыялабайт.

Мындан тышкары, 30га жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго кайрылуу жолдошту.

Анда соңку кездери көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканы, кылмыш иштери козголуп, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM