Биз менен байланышыңыз

29-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Окт 2022 | 475 | 0

Эртең, 29-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+4, күндүз +11…+16,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+4, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM