Биз менен байланышыңыз

Быйыл 9 айда Кыргызстанга Орусиянын 479 миң 96 жараны кирген

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 306 | 0

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстанга Орусиянын 479 миң 96 жараны кирген. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 24 kg агенттигине билдирген.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 1,9 эсе өскөн.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандан 445 миң 4 адам чыгып кеткен. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 1,8 эсе аз – 247 миң 676 болгон.

Былтыр Кыргызстанга кирген 3,4 миң адам калган. 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч он эсе көп, башкача айтканда, 34 миң 92 орусиялык калган.

2021-жылы Кыргызстандын аймагына Орусиянын жарандарынын көбү август айында кирген – 51,1 миң адам.

Ошол эле жылы май айында көрсөткүчтөр кескин өсүп, чек арадан өткөндөрдүн саны дээрлик эки эсе көбөйгөн – 28,9 миңден 54,6 миңге чейин.

Орусиялыктардын көбү Кыргызстанга июль айында кирген – 90 миңден ашык адам. 2022-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын чек арасынан 79 миң 491 адам өтүп, 72 миң 38 адам чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM