Биз менен байланышыңыз

Аба ырайына байланыштуу жолдордун абалы

Коом | 20 Окт 2022 | 344 | 0

Аба ырайына байланыштуу өлкөнүн айрым жолдору жабылып,  чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдирди. Ошол эле учурда айрым жолдордо оор жүк таашуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр кирип, ашуулардан кышкы дөңгөлөктүү автоунаалар гана өткөрүлүүдө. Учурда жолдорду тазалоого керектүү техника тартылып, жолго кум-шагыл төгүлүп жатат. Мындан сырткары облустарда кар калың жаап, электр чубалгылары үзүлгөн. Бүгүн кечке чейин өлкө боюнча үзүлгөн электр чубалгылары калыбына келтирилип бүтөрү айтылды.

Өлкөдө аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнө байланыштуу Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун Сары Кыр ашуусу, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусу жабылып, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында чектөө киргизилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Нурзат Муратбекованын айтымында, министрлик жолдордо кар көчкү жүрүү кооптулугу канчалык экенин аныктап турат. Текшерүү жана изилдөө иштери жүргүзүлөт.

Ал учурда кайсы жолдордо чектөөлөр киргени тууралуу маалымат берди.

«18-19-октябрь күндөрү каар жаагандыгына байланыштуу жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Бишкек-Ош унаа жолунун «Арал» постунда, ошондой эле аталган унаа жолдун Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Сосновка» кечки саат 18:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип жатты. Каттам эртен менен саат 07:00-8 де ачылып жатты. Ал эми жеңил унаалар өтүп жатышты. 19-октябрда Жалал-Абад облусунда  Бишкек—Ош унаа жолунун 425-чакырымында болжол менен 50 куб/метр таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган. Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨККБдөн АСМ автоунаасында 3 куткаруучу жана №30 ЖТИден 2 оор техника жеткирилген».

15-октябрдан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош жолунда автобустар, кичи автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынган.

Транспорт министрлигине караштуу «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын курулуш бөлүмүнүн башкы адиси Темирбек Кыдырмышев ашууларда кар жаагандыктан кышкы дөңгөлөктүү автоунаалар гана өткөрүлүп жатканын билдирди.

Чектөөлөр жарандардын коопсуздугу үчүн уюштурулган.

«Аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу ушул сыяктуу чектөөлөр болуп жатат. Оор жүк ташуучу унаалардын кышкыга даярдык көрбөгөндүгүнөн тыгындар пайда болууда. Алар жайкы дөңгөлөктөр менен чыгып алышат. Анын кесепетинен тайып кетишет. Ошондой эле жеңил унаалардын баары ошол жерге барып туруп калат. Азыр ӨКМ, Жол эрежелерин көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Бул чектөөлөр жарандардын коопсуздугу үчүн болуп жатат. Чектөөлөр Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Долондо киргизилген».

Азыр акырындан аба ырайынын турукташа баштаганына байланыштуу айрым жолдор ачылып, чектөөлөр алынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларындагы чектөөлөр алынганын кабарлады.

Ошондой эле ал кайсы жолдордо каттамдар ачылганын айтты.

Ал эми жабык жолдордон каттоого мүмкүн болбогондуктан, альтернативдүү жолдор колдонулуп жатат.

«Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнө байланыштуу Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун Сары Кыр ашуусунда кардын калың жааганынан улам, аталган унаа жолу Тогуз — Торо районунун акиминин буйругунун негизинде 2022-жылдын 18-октябрынан тартып убактылуу жабылды. Андыктан Жалал-Абад облусунун ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жолго сапарга чыккан айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү альтернативдүү унаа жолу аркылуу каттоого чакырат. Учурда ал жолдо тазалоо иштери жүрүп жатат. Аба ырайынын өзгөршүнө жараша кошумча маалымат беребиз. Азыркы учурда Ош-Бишкек жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Суусамыр-Талас-Тараз жолдору ачык».

Мындан сырткары аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу башка аймактарга салыштырмалуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар калың жаап, электр чубалгылары үзүлүп, электр энергиясы өчтү.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын Электр жабдууларын ремонттоо жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Ибраев билдиргендей, бүгүн облустардагы үзүлгөн чубалгылар калыбына келтирилип, электр энергиясы бериле баштайт.

«Аба ырайына байланыштуу Баткен, Ош, Жалал-Абадд суу аралаш кар жаап, бактар сынып, линиялардын үстүнө түшкөн. Жалпы өлкө боюнча 37 фидер өчкөн, 10 киловаттык. Анын ичинен Баткенде 7, Ошто 9, Жалал-Абадда 11, Талас 1, Ысык-Көлдө 1, Чүйдөн 5, Нарында 3 фидер өчкөн. Тийиштүү топ түнү менен иштеп жатат. Азыркы учурда 7 эле фидер калды, калганы калыбына келтирилди. Бардык жерде бригадалар иштеп жатат. Бүгүн толук өлкө боюнча калыбына келтирилет. Керектүү жабдыктардын баары бар».

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун Сары Кыр ашуусу ушул жылдын 18-октябрынан тарта убактылуу жабык турат. Андыктан инспекторлор аталган жолго сапарга чыккан айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү альтернативдүү унаа жолу аркылуу каттоого чакырат.

Ошондой эле Сузак районунда катуу жааган жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген суулар Кыр-Жол айылы менен Боз-Чычкан айылын бириктирген ички чарбалык унаа жолун кум-шагылга толтуруп, жол каттам жабылган. Мындан улам жерине ӨКМден 3 кызматкер, кошумча 1 жүктөгүч тартылып, аткарылган иш-чаранын жыйынтыгында унаа жол толук тазаланып, эки тараптуу ачылган.

Адистер тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочуларга чынжыр алып жүрүүгө, тыгын болгон учурда каршы тилкеге чыкпоого, атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбоого чакырат. Ошондой эле унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM