Биз менен байланышыңыз

Баткендеги талкаланган үйлөрдүн айрымдарынын курулуш иштери башталды

Коом | 14 Окт 2022 | 334 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү үчүн айрым жерлерде фундаменттерди орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады. Бузулган бир турак жайды калыбына келтирүү үчүн 3 миллион 315 миң сом керектелет. Мындан сырткары, агенттик жыл башынан бери өлкөдө жалпы суммасы 2 миллиондон ашык сомду түзгөн 27 объекттин курулушун бүткөрдү. Ошондой эле мекеме курулуш тармагын санариптештирүү жаатында да долбоорлорду ишке ашырууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир жыл ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен социалдык-маданий багыттагы 100дөн ашык объекттин курулуш жана капиталдык оңдоо иштерин бүтүрдү.

Муну менен катар агенттик өлкөнүн 53 айылында 82 миң 329 адамды суу менен камсыздаган объекттерди ишке киргизди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жалпы 638 объект талкаланганын билдирди.

Анын айтымында, бузулган бир турак жайды калыбына келтирүү үчүн 3 миллион 315 миң сом керектелет.

«Баткендеги чек ара кагылышуусу былтыр да болгон. Былтыр 5 мектеп, эки бала-бакча жана бир ФАПты бүтүрүп бергенбиз. Тилекке каршы, быйыл да бул окуя кайталанды. Анын кесепетинен жабыр тарткан объекттердин саны 638ди түздү. Анын ичинен 421 турак жай жараксыз болду. 217 турак жайды калыбына келтирүү керек. 23 социалдык объект жабыркаган. Анын ичинен алтоону жаңыдан куруу керек, 17син оңдоо керек. 12 мектептин үчөөсүн жаңыдан салып, тогузун оңдоп түзөө керек».

Абдыраев Баткендин айрым жерлеринде үйлөрдү куруу иштери башталганын кабарлады.

Ошондой эле ал ушул жылдын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүүгө аракеттер көрүлүп жатат деп ишендирди.

«Баткенде учурда үйлөрдүн курулуш иштери башталды. Агенттик үйдүн долбоорун тандап, тех кеңештен карап бекитти. Жалпы аянты 91,6 м2 болгон үйлөрдүн курулушу башталды. План боюнча жылдын аягына чейин курулуш иштерин бүткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Биздин агенттик курбайт. Муну атайын катардагы уюмдар курат. Тандалган долбоорго сынак жарыялайбыз. Аны жеңип алган курулуш ишкана курат. Агенттик курулуш иштерин координациялап, көзөмөлдөп турат».

Жыл башынан бери курулуш агенттиги тарабынан курулуш иштерине 420 лицензия берилген. Анын ичинен: юридикалык жактарга 416, жеке ишкерлерге 4 лицензия берилген. Ошол эле учурда 304 уюм биринчи жолу уруксат алышты.

Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мелис Адиев өлкө боюнча, 2256 объектинин курулуш иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жыл башынан бери жалпы суммасы 2 миллиондон ашык сомду түзгөн 27 объекттин курулушу бүтүрүлгөн.

“Бүгүнкү күндө 2256 объекттин баары иш жүзүндө аткарылып жатат. Социалдык объекттердин саны 46, саламаттык сактоо объектилери 17ни түздү. Мектеп, бала бакчалар боюнча 101 объект экспертизада каралып жатат. Маданий объектилердин саны 155. Коммуналдык маанидеги 133 объект бар. Жыл башынан бери жалпы суммасы 2 миллиондон ашык сомду түзгөн 27 объекттин курулушу бүтүрүлгөн. Бул тизмеге Бишкек жана Ош шаарларындагы курулуш долбоорлору кирбейт. Булар 18 курулуш объектиси, 5 капиталдык оңдоочу объект жана 4 таза суу менен камсыздоо объектилери. Бүткөрүлгөн объекттердин арасында 3400 орундуу 21 мектеп, 160 орундуу 2 бала бакча, ичүүчү суу менен камсыздоо 4 объект бар. 2022-жылдын январь-октябрь айларынынын аралыгында 2136,2 млн. сомго 27 объекттин курулушу аяктаган. Алар: курулуштун 18 объекти,  капиталдык оңдоонун 5 объекти, ичүүчү суу менен камсыздоонун 4 объекти. Тармактардын кесилишинде 21 мектеп жана спорт зал (3400 окуучу орундуу), 2 бала бакча (160 орундуу)”.

Мындан сырткары мамлекеттик агенттик курулуш тармагын санариптештирүү жаатында да бир катар долбоорлорду аткарууда. Бул тууралуу директорун дагы бар орун басары Алтынбек Бегалиев айтты.

«Азыркы учурда мамлекеттик курулуш тарабынан санариптик башкаруу механизмдерин жайылтуу боюнча иштер уланып жатат. Айтса кетсек, долбоорлук сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү боюнча программанын биринчи этабы бүттү. Учурда мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу объекттердин баарында экспертиза электрондук түрдө алынып жатат. Курулуш ишмердигинде лицензия алууну автоматташтыруу жана бул тармактагы адистерди мамлекеттик сертификациялоо боюнча электрондук системасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул жумуштар 2021-жылы башталган. Азыркы учурда программа толугу менен бүтүп, тесттик түрдө жумуштар алып барылууда».

Ушул жылдын 9 айында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан курулуш көзөмөлү аркылуу 10 миллион 82 миң сом айып салынган.

Мамлекеттик агенттик тарабынан курулушту көзөмөлдөө боюнча 421 текшерүү жүргүзүлгөн.

Ошондой эле бул убакыт ичинде салынып жаткан объектилердин реестрине 3613 имарат киргизилген, анын ичинен 2675и капиталдык курулуштун тизмесинде, 938и чакан курулуш объектилеринин тизмесинде.

Мындан тышкары 619 ар түрдүү курулуш объектилери пайдаланууга берилди.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM