Биз менен байланышыңыз

Баткендиктер документтерин акысыз жасатып жатышат

Коом | 11 Окт 2022 | 321 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жагдайда Баткендин көпчүлүк тургундарынын документтери күйүп кеткен. Санариптик өнүктүрүү министрлиги алардын документтерин акысыз калыбына келтирип жатат. Министрлик бул тууралуу ишмердүүлүгүнүн бир жылдыгына карата өткөрүлгөн маалымат жыйында кабарлады. Мындан тышкары жыл ичинде министрлик тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана электрондук документ жүгүртүү боюнча бир топ иштер аткарылган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги өткөн жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрына чейинки убакта E-Kyzmat, Infodocs жана «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын ишке киргизди.

Infodocs – электрондук документ жүргүзүү тутуму документтин электрондук архивин түзүүгө байланышкан иштерди автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан.

E-Kyzmat – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жөнүндө маалыматтарды чогултууга, сактоого жана талдоого, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдарга маалымат берүү үчүн иштетилүүдө.

«Санарип аймак» – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы адистердин ишин автоматташтырууга багытталган.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров калкты каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктар берилгенин айтты. Анын алкагында Баткен облусунун тургундарынын документтери акысыз калыбына келтирилип жатат.

 «Айыл жергеси калкты тейлөө борборлорунан алыс болгондуктан, айыл өкмөттөгү кызматкерлер берилген укугу менен айылдагы жашоочуларды каттоо иштерин жүргүзүүдө. Бул практика жакшы иштеп жатат. Баткен облусундагы жашоочуларга архивдик кызмат боюнча да жеңилдиктерди бердик. Баткендеги катталган жарандар архивдик кызматтан кандайдыр бир документти акысыз алышса болот. Чек арадагы кол салууга байланыштуу бир канча жарандын документтери жоголгон. 450дөн ашык жараныбыз расмий түрдө келип катталган. Документтери даярдалып, колдоруна берилди».

Бүгүнкү күндө электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 143 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис ишке ашырылган, алардын ичинен автоматташтырылган 94 кызмат, жарым автоматташтырылган 49 кызмат бар.

Министрдин дагы бир орун басары Индира Шаршенова санариптештирилген кызматтар тууралуу маалымат берди.

«Биринчи, мамлекеттин ички байланышы, экинчиси, мамлекет менен жарандын байланышын санариптештирүү жана мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы мамилени санариптештирүү. Электрондук документ жүгүртүү системасын масштабдуу түрдө ишке киргиздик. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул системага кошулду. Акыркы 9 айдын ичинде системада 2,5 миллионго жакын документ катталган».

Мындан сырткары министрлик жаңы электрондук кызматтарды иштеп чыгууда. Алардын бири: FACE ID (жүзүн таануу) кызматы.

Министрликке караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева аталган жаңы электрондук кызмат тууралуу маалымат берди.

«Азыркы кызматтарды биздин жарандарга ыңгайлаштырып даярдап жатабыз. Бул система аркылуу жаран кызматтарды жерине барбастан ала алат. Бул кызмат шайлоо учурунда биринчи жолу колдонулган. Элге кеңири жайылтууга аракет кылып жатабыз. Учурда банктар да колдонуп жатышат. Электрондук капчыктарды ачып жатканда банкка барбастан, мобилдик тиркемелерде каттоодон өтүп, FACE ID кызматын колдонуу менен келбетин тастыктап, эсеп капчыгын ачып жатышат. Бүгүнкү күндө бул 18 коммерциялык банк жана финансы-кредиттик мекемелерде колдонулууда».

Министрлик билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча да бир катар иштерди жүргүзүп жатат. Алсак, «Акылдуу мектеп», «Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык тутуму», «Балдарды мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алуу боюнча маалыматтык система» сыяктуу үч ири долбоор ишке ашырылууда.

Министрликтин маалыматына караганда, бул окуу процессин натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM