Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

Кыска кабар | 10 Окт 2022 | 133 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, колдоо тапты.

Долбоор боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов маалымат берди.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда уставдык капиталы 25 миллион АКШ долларын түзгөн биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонд түзүү сунушталууда. Уставдык капиталды азербайжан тарап кошот, аны 50 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда.

Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат. Фондду түзүү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болоору белгиленди.

11-октябрда Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапары менен келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM