Биз менен байланышыңыз

Сегиз айда жол кырсыгынан 379 адам каза болду

Кыска кабар | 8 Окт 2022 | 285 | 0

Быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстанда жол кырсыгынан 379 адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков өкмөттө жол коопсуздугуна байланыштуу жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, жалпысынан бул убакыт аралыгында өлкөдө 4284 жол кырсыгы катталып, 6651 адам жараат алды. Былтыр январдан августка чейинки мезгилде 552 адам каза болуп, дагы 7215 адам жараат алган.

Жыйында жол кырсыктарын азайтуу маселеси талкууланып, тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

ИИМдин маалыматына караганда, жол кырсыктарынын түрлөрү боюнча биринчи орунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү, машиналардын кагылышуусу, оодарылып кетүүсү кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM