Биз менен байланышыңыз

Кичи шаарларда чакан ишкердик жанданып, жумуш орундар түзүлүүдө

Кыска кабар | 8 Окт 2022 | 158 | 0

Кыргызстандын кичи шаарларында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контрактын негизинде мамлекеттик бюджеттен социалдык жардамдар көрсөтүлүп башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Сертификат алган үй-бүлөлөр ишкердик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет көрөт.

«Социалдык контракттын негизинде көрсөтүлгөн социалдык жардам президенттин демилгеси менен министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Анын алкагында республика боюнча 2800 үй-бүлөгө 292 млн сом бөлүндү. Ал эми кичи шаарларда мындай долборлор аркылуу чакан ишкердикти жандантып, жумуш орундарды түзүү абдан маанилүү. Бул дагы кичи шаарлардын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт», — деди Жылдыз Полотова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM