Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ачык асман алдындагы китепкана ачылды

Кыска кабар | 8 Окт 2022 | 147 | 0

Бишкектеги «Ынтымак-2″ эс алуу багында китеп сүйүүчүлөр үчүн ачык асман алдындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай шарт шаардыктардын, анын ичинде жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт.

«Китеп дүйнө таанымды кеңейтип гана тим болбостон, сөз байлыгыңды, жашоого болгон көз карашыңды дагы өстүрүүгө өбөлгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Келечек» мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында ишке ашууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM