Connect with us

Кабмин: Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды

Кыска кабар | 8 Окт 2022 | 312 | 0

Министрлер кабинетинин жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, 2022-жылдын 8 айында өлкөдө 4284 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9% га төмөн, жаракат алгандардын саны 7,8%га (7215тен 6651ге чейин) жана каза болгондордун саны 31,3% га (552ден 379га чейин) кыскарган.

Министр кошумчалагандай, мындан тышкары автотранспорт айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу иштерин текшерүү планы иштелип чыккан.

«Республика боюнча жалпысынан 270 автомектеп текшерилген, лицензиялык талаптардын шайкеш эместиги үчүн 233 эскертме берилген, мыйзамсыз негизде иштеп жаткан 10 автомектептин иши токтотулду (лицензиялардын жоктугу менен), 1 млн 605 миң сом өлчөмүндө 81 протокол түзүлгөн», — деп белгиледи Улан Ниязбеков.

Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын жалпы талдоодо жол кырсыгынын негизги түрлөрү төмөнкүлөр экендиги аныкталды: 42,1% (1803) жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү, 36,6% (1567) транспорт каражаттарынын кагылышуусу, 7,2% (308) транспорт каражатынын оодарылуусу, 5,9% (257) тоскоолдукту сузүү, 3,1% (133) велосипедченди сүзүү жана токтоп турган транспорт каражатын 1,6% (72) сүзүү.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

— Ички иштер министрлиги жол эрежесин системалык түрдө жана одоно бузган айдоочуларды талдоо негизинде автомектептердин рейтингин аныктап, жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте автотранспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөрдү болтурбоо максатында, кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка процесстердин алдын алуу жана алардын автожолдордогу кесепеттерин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрсүн;

— Саламаттык сактоо министрлиги автомектептерде жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол-транспорт кырсыктарынан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу иретинде практикалык сабактардын графигин иштеп чыгуусу;

— «Бишкек — Нарын — Торугарт» жана «Бишкек — Ош» эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү кошумча медициналык пункттарды түзүүсү;

— Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жол белгилеринин бардыгы, аларды жарыктандыруу, светофорлордун жана ызы-чуу тилкелеринин болушуна аудит жүргүзүшсүн, кийин зарыл болгон объектилерди орнотуу, алмаштыруу жана реконструкциялоосу;

— Ички иштер министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жолдордун кооптуу участокторун жоюу боюнча чараларды көрсүн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM