Биз менен байланышыңыз

Орунбеков АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 283 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Кыргызстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Элизабет Трюдо менен жолугушту.

Анда маалымат, сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкууланды.

Орунбеков Тажикстандагы куралдуу агрессиядан жабыркаган Баткен районунун айылдарына дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле чет элдик жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш сапары менен барганын айтып берди.

Ал басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстан 7 сапка көтөрүлүп, 72-орунга жеткенин белгиледи. Бул мамлекет башчынын саясатынын, сөз эркиндигине болгон мамилесинин натыйжасы экенин кошумчалады.

Ошондой эле коомдук талкууга коюлган ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясына токтолду.

Буга чейинки мыйзам 1992-жылы кабыл алынганын жана ал эскиргенин билдирди. Мыйзамдын жаңы редакциясы бүгүнкү күндүн чакырыктарын жана талаптарын чагылдырарын, эч кандай кысым көрсөтүүгө же сөз эркиндигин чектөөгө багытталбаганын айтты.

Элизабет Трюдо АКШ Кыргызстандын регионалдык стабилдүүлүктү сактоо үчүн жасаган мамилесин жогору баалай турганын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат боюнча жардамчысы Элизабет Трюдо кечээ, 6-октябрда Кыргызстанга келген. Ал буга чейин Өзбекстанга барып, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева жетектеген Масс-медиа фондун зыярат кылып, сүйлөшүү өткөрдү.

Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары келди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM