Биз менен байланышыңыз

Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары келди

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 210 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат боюнча жардамчысы Элизабет Трюдо кечээ, 6-октябрда Кыргызстанга келди. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилиги маалымдады.

Элизабет Трюдонун Кыргызстанга сапары басма сөз эркиндигине, гендердик теңчиликке жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүгө колдоосуна арналат, — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик катчынын орун басары Элизабет Трюдо Борбор Азия сапарын алгач Өзбекстандан баштады. Өзбекстандагы иш сапары учурунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева жетектеген Масс-медиа фондун зыярат кылып, сүйлөшүү өткөрдү. Андан сырткары Ташкенттеги Вебстер университетитинин «ЖМК адистери үчүн англис тили» долбоорунун бүтүрүүчүлөрү менен баарлашты. Ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана АКШ тарабынан каржыланган тажрыйба алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулары өткөрүп, Жиззах облусундагы аялдарды коргоо кризистик борборуна да барды.

Ал Кыргызстандан кийин Непал, Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM