Биз менен байланышыңыз

Шакиев Бакиевдер тууралуу көз карашын айтты

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 813 | 0

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 5-октябрдагы жыйынында спикерликке талапкерлиги сунушталып жаткан Нурлан Шакиевге мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу суроо узатты.

«Бакиевдер боюнча сиздин көз карашыңыз кандай болуп жатат? 2019-жылы NewTV телеканалы Бакиевдер жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, 70 жылдык юбилейин куттуктап, ушундай болгон. Таарыныч болбосун, бирок мен сизден ошону сурайын деп жаткам» , — деди Дастан Бекешев.

Нурлан Шакиев мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакивдерге көз карашы — коомчулуктун пикири менен бирдей экенин айтты.

«Мен жеке адам катары, жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакиевдерге карата көз карашым — коомдон кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, меники да ошондой» , — деп жооп берди Шакиев.

Дастан Бекешев бул жооп түшүнүксүз болуп калганын айтып, «эл мененсизби?» , — деп тактап сурады. Шакиев «албетте» деп жооп берди.

Бүгүн, 5-октябрда парламентттин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырды. Ушул эле күнү жаңы төрагалыкка «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурлан Шакиевдин талапкерлиги сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM