Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга ЖККУнун баш катчысы келди

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 351 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздук маселелери талкууланганын өкмөттөн кабарлашты.

Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысына жакында Тажикстандын Кыргызстандын аймагына аскерий басып кириши жөнүндө маалымат берген. Кыргызстан бардык маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүгө кызыкдар болуп келгенин билдирген.

«Бул биздин өзгөрүлгүс позициябыз. Бирок биз аймактык бүтүндүгүбүзгө жана эгемендүүлүгүбүзгө кол салууга жол бербейбиз. Бизге башка бирөөнүн жери керек эмес, бирок өзүбүздүкүн бербейбиз. Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ал Кыргызстандын жарандык коому ЖККУнун алкагында куралдуу кагылышуулар болгондо, кандай жамааттык коопсуздукту талкуулоого болот деген суроо негиздүү болуп жатканын кошумчалады. Мүчө мамлекеттер менен кагылышуулар болуп жатат», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Станислав Зас кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу көңүл айтып, мындан ары кайгылуу окуялар кайталанбашы керектигин белгиледи. Кыргыз тараптын маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө көңүл бургандыгын жогору баалайт. Ал Акылбек Жапаровго Арменияда пландалып жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

14-17-сентябрда тажик тараптын кол салуусунун натыйжасында, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланган. 12 мектеп, 11 бала бакча жабыркап, 612 үй дээрлик толук күйүп кеткен. Кыргызстандын 63 карапайым жана аскер кызматчысы, 198 адам жарадар болуп, 142 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM