Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 116 | 0

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Бул фактф боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) менен иш козголду.

Кызматкер Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды жана тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM