Биз менен байланышыңыз

ДКО-2022: Кыргызстандыктар шалвар күрөшү боюнча 3 медаль утту

Кыска кабар | 2 Окт 2022 | 249 | 0

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында шалвар күрөш боюнча мелдеш өтүп, кыргызстандык балбандар 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болушту.

Бул тууралуу «Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

70 кг салмакта Амантур Камчыбеков күмүш медаль, 75 кг салмакта Ислам Орозбеков жана 80 кг салмакта Бекжан Жамбылов коло байгенин ээлери болушту.

Кошумчалай кетсек, көк бөрү боюнча улуттук курама команда 7:6 эсебинде Түркияны утуп алды. Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Рустам Тыналиев, Майрамбек Рыспеков жана Аудасбек Мырзабек уулу упай алып келди.

ДКО: Кыргызстандыктар алыш бел боо күрөшү боюнча 10 медаль жеңди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM