Биз менен байланышыңыз

ДКО: Кыргызстандыктар алыш бел боо күрөшү боюнча 10 медаль жеңди

Кыска кабар , Спорт | 2 Окт 2022 | 1567 | 0

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.

Мадания, малымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

80 кг салмакта Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль утту.

Ошондой эле, 70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмакта Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.

Буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп, анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.

Командалык эсепте алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM