Биз менен байланышыңыз

Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 527 | 0

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп быйыл июлда дайындалган. Шаршеев ага чейин «Манас» эла аралык аэропортун жетектеген.

Жогорку Кеңештин 28-сентябрындагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарынын мэри табылбай жатканын билдирген.

«Бир жумадан бери Балыкчынын мэрин таппай жатабыз. Вице-мэр камалып кетти, Балыкчыда азыр бийлик жок болуп жатат. Мэрди тапсаңар таап, ордуна отургузуп, болбосо кетирип, эртерээк чечип бергиле, кыш келе жатат», — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM