Биз менен байланышыңыз

Мобилизация: Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктарды эмне күтөт?

Дүйнө , Саясат | 22 Сен 2022 | 867 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялады. Мындан улам Орусиянын Мамлекеттик Думасы кылмыш-жаза кодексине «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» түшүнүктөрүн киргизди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында эле 10 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган.

Талдоочулардын айтымында, жыл сайын орус жарандыгын алган он миңдеген кыргызстандык үчүн бул Украина менен болгон согуштун окопторуна тез арада түшүү дегенди билдирет.

Орусиянын мобилизациясы кыргызстандыктарга кандай таасир этет? Орус жарандыгын алган кыргыздар кырдаалдан кантип чыга алат? 

Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин эле Москва жана Санкт-Петербург шаарларында мобилизацияга каршы акциялар өттү.

«Балдарыбызга жашоо», «Путинди окопко» жана «Согушка каршыбыз» деген ураан менен чыккан жарандар Москвадагы Эски Арбатта, Санкт-Петербургда Исаакиев соборунун алдында митинг өткөрүштү.

Акциялардын жыйынтыгында Санкт-Петербургдан 537, Москвадан 535, Екатеринбургдан 40, Челябинскиден 30, Перм, Уфа шаарларынын ар биринен 20дан ашуун адам кармалды.

Кечээ, 21-сентябрда мындай акциялар Орусиянын 38 шаарында өтүп, өлкө боюнча кармалгандардын жалпы саны 1410го жетти.

Он жылдан бери Орусияда иштеген кыргызстандык Азамат Адылгазиев кечээки күнгө салыштырмалуу бүгүн өлкөдө абал тынчыраак деп билдирди.

Анын пикиринде, бул кырдаал максаттуу түрдө кыргызстандыктарга эмес, жалпы Орусиянын элине, айрыкча, ири жана чакан бизнес ээлерине зыянын тийгизет. Себеби ишкерлер пандемиядан кийин жаңы эле ирденип келе жатканда, киргизилген аскердик абал аларды кайрадан зыянга учуратышы мүмкүн. Мындан улам кыргыз ишкерлерге да терс таасири тиет. Адылгазиев алдыда күтүлүп жаткан божомолдорго токтолду.

«Орусияда дагы бир жолу референдум өткөрүп, Украинанын аймактары Луганск  менен Донецкти өзүнө «каратып» алса, Орусия катуу бир чабуулга барат. Эгер андан да жеңилип калса, анда 18 жаштан 65 жашка чейинки орус жарандыгы барлардын баары Украинага чакырылышы мүмкүн. Ал эми барбагандарга кылмыш ишин козгошот. Ушул сыяктуу кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Бул жерде орус жарандыгын алган болжол менен 200 миңден ашуун кыргыз бар».

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Орусиядагы аскердик мезгил кыргызстандыктарга коркунуч алып келиши мүмкүн экенин айтат.

Тактап айтканда, Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык эркектер аскерге чакырылышат. Бирок алар Кыргызстандын жарандыгын кайтарып алууга, орус жарандыгынан чыгууга укуктуу. Анда Орусия чет элдик жаранды Орусиянын аймагында кармай албайт.

Мыйзамга ылайык, кызмат өтөгөндөр, аскердик каттоо адистигине ээ болгондор жана согуш тажрыйбасы барлар гана мобилизацияланууга тийиш деп көрсөтүлгөн. Ал эми Эргешбаеванын айтымында, практика жүзүндө бардык орус жараны, анын ичинде жаш балдар да аскерге тартылат. Юрист мамлекет тез арада кыргызстандыктарга жардам берип, колдоо көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

«Кыргызстан — биздин мекендештер үчүн кепилдик болушу маанилүү. Ар бир кыргызстандык өз өлкөсүнө кайтып келишине колдоо көрсөтүшүбүз керек. Кыргыз жарандыгына кайтуу жол-жобосун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Эгер Орусиянын жараны: «Мен Кыргызстандын жараны болчумун, паспортум бар, узартып бергиле же кайра жасап бергиле», — деп айтса, биз бир жумага жеткирбей бардык жаранга ошондой мүмкүнчүлүк камсыздап беришибиз зарыл. Орусия чет элдик жаранды өз өлкөсүндө мажбурлап кармаганга укугу жок. Ошондуктан учак менен да жеткире албасак, транспорт (автобус, поезд, унаа) менен өзүбүздүн жарандарыбызды Орусиянын аймагынан Кыргызстанга чыгарып кетишибиз керек».

Орусиялык укук коргоочу Павел Чиков куралдуу кагылышта башчынын буйругуна баш ийбей коюу — согуштук аракеттерге катышуудан баш тартууга барабар болуп, эки жылдан үч жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы ыктымал экенин эскертти.

Мобилизация жана аскердик абал учурунда аскер бөлүгүн таштап кеткендер мурдагыдай беш жыл эмес, жети жыл эркиндигинен ажырайт.

Өз ыктыяры менен багынып берген орусиялыктар мамлекеттик чыккынчылык белгилери жок болсо, үч жылдан он жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле кылмыш-жаза кодексинин түзөтүүлөрүндө талап-тоноочулук үчүн он беш жыл эркиндигинен ажыратуу сунушталып жатат.

Юрист Эржан Кайыпов Орусияда мобилизация жарым-жартылай жарыялангандан кийин азырынча ал кыргызстандыктарга тиешелүү эместигин айтат. Бирок алдыда Орусия толук кандуу мобилизацияга өтүп кетиши мүмкүн экенин жана анда кыргыздар жапа чегип каларын эскертет.

Эгер кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алып, бирок кыргыз паспорту да бар болуп мобилизацияга катышкысы келбесе, анда ал тезирээк Кыргызстанга кайтышы керек. Анткени Орусияда аскерий аракеттерден качкандарга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Мындай учурда Кыргызстан өз жарандарынын кызыкчылыгын коргошу керек жана Орусиянын укук коргоо органдарынын сурамы боюнча аларды бербеши керек.

Юрист башка сунуштарды да айтты:

«Эгер кандайдыр бир чектөөлөр болсо, анда теги кыргызстандык экенин, Кыргызстанда туулганы боюнча документтерди көрсөтүп чыгып кетүүгө уруксат алышы мүмкүн. Түбүнөн орус жарандарга караганда, орус жарандыгын алган кыргыздарга чыгып кетүүгө көбүрөөк негиздеме бар. Себеби алар улам-улам Кыргызстанга каттап турушат».

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде Украинадагы жоготуулар жөнүндө кабарлап, Орусиянын алты миңдей аскери курман болгонун айтты. Иш жүзүндө бул мартта 1500 аскер мерт болгону айтылгандан берки алгачкы маалымат болуп калды. Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрү жети айдын ичинде Орусиянын армиясы 55 миңден ашык аскерин жоготконун билдирүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM