Биз менен байланышыңыз

Өкмөткө Баткенди тез арада калыбына келтирүү тапшырылды

Саясат | 22 Сен 2022 | 561 | 0

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары да чек ара маселесин жабык эшик артында карады. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар аймакты калыбына келтирүү жана эвакуацияланган жарандарга керектүү жардамдарды берүү, аймактарды жарылуучу заттардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчыларынын 19-сентябрдагы жолугушуусунан кийин чек аранын Баткен облусундагы тилкесинде абал турукташа баштаган. Учурда чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда биринчи кезекте чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, кыйраган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна тез арада жаңысын салып берүүгө, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаев Тажикстан баскынчылары жараксыз кылган имараттар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жарактан чыккан имараттар такталып жатат. Учурда алынган маалыматка караганда:

432 турак үй;

285 мал сарай;

6 мектеп жана бала бакча;

2 фелдшердик-акушердик пункт (ФАП);

9 административдик имарат;

171 жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоочу жайлар (соода борбор, дүкөн, мончо, унаа оңдоочу жай ж.б.);

26 унаа талкаланып, тонолуп, өрттөлгөн.

Ошондой эле кечээ жарылбай калып кеткен жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу иштеринде 78 снаряд табылган.

Баткен жана Лейлек райондорунда урандыга айланган үйлөрдү тазалоо иштери эртең башталат. Бүгүн жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери уланууда. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев учурдагы аткарылып жаткан иштер боюнча буларга токтолду:

«Баарыңыздарды дүрбөлөң салбоого чакырып кетебиз. Облустун чек ара аймактарында абал туруктуу. Социалдык тармактарда айтылган ок атуулар боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Ал эми коопсуз жайга чыгарылган жарандар, өзгөчө аялдар жана жаш балдар тазалоо иштери аягына чыкканга жана кырдаал толук турукташканга чейин күтүп турууңуздарды суранабыз. Ошондой эле учурда тактоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу азырынча үй ээлеринин кожоюндары гана келүүгө болот».

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан коргонуу учурунда 59 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре Баткен облусу боюнча эвакуацияланган 136 миң жаран үй-жайына кайта элек.

Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен облустук саламаттык сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков айтты.

Анын айтымында, ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

«22-сентябрь саат 10:00гө карата ыкчам маалымат боюнча, Баткен облусундагы куралдуу кол салуудан кийин саламаттык сактоо уюмдарына 198 адам кайрылып, алардын 61и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкек, Ош жана Баткен шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Жабырлануучулардын ичинен 13ү жаш бала, 171и эркек жана 14 аял. 120 жабырлануучу Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулган».

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов жарандарды чек арага байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Анын айтымында, учурда интернетте чек арага байланыштуу көптөгөн маалыматтар тарап, анын кесепетинен кырдаал курчуп кетүү коркунучу жаралып жатат.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин негизги милдети жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар бир кайрылган жаранга өз ыйгарым укуктарынын чегинде жардам көрсөтүү, арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуу, ордунан чечилчү маселелерин чечүү болуп саналат. Учурда куралдуу кагылышуу катталган аймактарда чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо, эвакуация болгон жарандардын мүлкүнө карата уурулук жана талап-тоноочулукка каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө».

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 22-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан жапа чеккен калкка колдоо көрсөтүү үчүн атайын эсепке 248 млн 566 миң 814 сом түшкөн.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматын жабык эшик артында карашып, түштөн кийин Баткен облусуна жөнөп кетишти. Алар Баткенге абалды текшерип, тургундар менен жеке жолугушуу максатында өз каалоолору менен барышат.

Copyright © 2017 Maral FM