Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы абал: Калк үй-жайына кайтууну күтүп жатат

Коом , Саясат | 20 Сен 2022 | 686 | 0

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймактарында куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол койду. Учурда чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча эки тараптын биргелешкен иши уланууда. Мындан сырткары тиешелүү мамлекеттик органдар аймакты калыбына келтирүү жана эвакуацияланган жарандарга керектүү жардамдарды берүү, дайынсыз болгон жарандарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 19-сентябрда кечке жуук «Кызыл-Бел» чек ара өткөрмө пунктунда жолугушту. Эки өлкө чек ара аймактарында куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюшту. Бир канча пункттан турган протоколдо согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып чыгуу жана 14-17-сентябрда болгон окуяларды тыкыр иликтеп чыгуу каралган.

Учурда чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда. Кыргыз тараптан протоколго кол койгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган келишим эки өлкөгө тынчтык орноторуна ишенимин билдирди.

Чек ара кызматы маалымдагандай, чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы чек ара тилкелери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Бүгүн Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунун аймагындагы чек ара тилкесинде жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Аймактарды жарадыргыч заттардан тазалоо иштери аяктагандан кийин эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышат. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнөн 5 миң 301 жаран көчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаев билдиргендей, ушул тапта эвакуацияланган жарандарга керектүү жардамдар толук берилүүдө.
«Аймактагы жабыркаган жарандарга, муктаждарга, эвакуацияланган калкка топтолгон гуманитардык жардамдарды жеткирүү, кабыл алууда боюнча иштер күнү-түнү активдүү аткарылууда. Баткен облусуна жалпысынан 775 миң 677 тонна жардам келип түштү. Анын 610 миң тоннасы ар бир райондорго, ар бир айыл өкмөттөргө жеткирилүүдө. Ал эми таркатуу иштери комиссиялык негизде таркатылууда. Бул комиссиянын башчылыгында жергиликтүү бийлик турат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү бул комиссиянын курамына кирип, жерине жеткирүү жүктөө, түшүрүү сыяктуу техникалык камсыздоо иштерин аткарат».

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан коргонуу учурунда 59 кыргызстандык шейит кетип, 170ке жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Тажикстандын куралдуу кол салуусунан шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Анын айтымында, учурда төлөмдөрдү бөлүү жана өлчөмүн аныктоо боюнча бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Мындан тышкары, жабырлануучулардын балдарын Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» реаблитациялык борборуна жана Ош облусундагы лагерлерге жөнөтүү боюнча иштер аткарылып жатат. Жарандарга төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдарды үзгүлтүккө учуратпай, өз убагында төлөө максатында «РСК банк» жана «Айыл банк» менен тыгыз иштешип жатабыз».

Баткен облусуна куралдуу кол салуунун кесепетинен 10 мектеп жана 7 бала бакча жараксыз абалга келген. Облуста 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Башкача айтканда, Баткен шаарында жана Баткен облусунда окуу процесси азырынча жандана элек. Лейлек районунда 45 мектеп, 23 бала бакчада окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат. Ал эми 21 мектеп жана 40 бала бакчада окуу процесси жандана элек. Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө. Сүлүктү шаарында 7 мектептин ичинен бирөөндө гана мектеп окуу процессин баштай элек. Баткен облусундагы 11 кесиптик лицейдин ичинен эки лицейде окуу процесси убактылуу токтотулду. Ал эми Баткен шаары менен Баткен районундагы колледж жана жогорку окуу жайлардын башкаларында окуу процесси уланууда. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 11 билим берүү уюмунда (5 мектеп, 5 бала бакча) билим берүү процесси убактылуу токтоп турат. Сабактар 12 мектепте жана 18 бала бакчада жүргүзүлүүдɵ».

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунда 188 бала бакча, 238 мектеп, 11 кесиптик лицей, 5 колледж жана 5 жогорку окуу жайы бар. Облус боюнча бала бакчаларда 20 миң 302 бала тарбияланат. Ал эми 118 миң 30 бала мектепке барат. Аларга 954 тарбиячы жана 7 миң 564 мугалим билим берүүдө.

20-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Ал эми Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 адам дарыланып жатат. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын Баткен обулустук саламаттык сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков айтты.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргендей, 14-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта Бишкекке Баткенден 430 жаран келген. Алар мейманканаларга жайгаштырылып, керектүү жардам көрсөтүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM