Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандарга жардам берүү чаралары уланууда

Коом , Саясат | 19 Сен 2022 | 587 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу окуя болгон күнү эле башталган. Учурда жер-жерлерде жардам кабыл алган бир нече атайын жай уюштурулуп, азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражат, зарыл буюм-тайымдарды чогултуп, Баткен облусуна жөнөтүп жатышат. Алардын ичинде Бишкекте «Баткенге жардам» штабы Кожомкул атындагы спорт ордосунда күнү-түнү иштөөдө. 

20 жаштагы студент Бек Жумадилов эки күн мурун социалдык тармактардан штабга ноутбугу бар балдар керек болуп жатат деген жарыяны көрүп, досу экөө спорт ордосуна келип, ыктыярчыларды системага каттоону баштаган. Ал окуусунан кийин штабга келип, жумушка баргандай эле жоопкерчиликтүү мамиле жасап, түнгө чейин жардам берип жатканын айтып берди.

«Эртең менен ыктыярчылар аз болот. Ошол убакта биз жүктөрдү ташып жардам беребиз. Эл көбөйгөндө ыктыярчыларды каттоого отурабыз. Мен эртең менен саат 8:00дө келгем, азыр саат 12:30 болду, жетимиштей ыктыярчыны каттадым, андан тышкары жанымдагы досум да каттайт. Кечээ бир күндүн ичинде бир миң беш жүздөй ыктыярчы катталган. Жалпы 4 күндө 4-5 миңдей ыктыярчы келип кетип жатты».

Ыктыярчы Бексултан Козукеев ишинен кыска мөөнөткө өргүү алып, төрт күндөн бери күнү-түнү штабга жардам берип жатат. Ал көптөгөн жарандардан тамак-аш жана башка керектелүүчү буюмдар үзүлбөй келип жатканын айтат. Алардын арасында кичине балдар да чогултуп жүргөн акчаларын беришүүдө.

«Келген каражаттар каттоодон өткөндөн кийин бизге келип түшөт. Биз дагы бир сыйра каттайбыз. Андан кийин отчёт чыгарабыз, мындайча айтканда, кирген товар толук жетип жатканын көзөмөлдөйбүз. Бул жерде балдар-кыздар келген кийим-кечелерди айымдарга, мырзаларга, жаш балдарга өзүнчө кылып бөлүштүрүп, таңгактап жатышат. Өзүңүздөр көрүп тургандай, иш жакшы жүрүп жатат».

Ыктыярчылардын өздөрүнө да кайдыгер эмес жарандар күнүнө төрт-беш жолу тамак-аш алып келип берип турушат. Эки-үч саат кезектешип уктаганга үлгүрүп, калган убактары каражаттарды каптарга таңгактап, жүктөрдү ташууга кетет.

Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү Адина Жекшенбекова чек арадагы кол салууда жабыркагандар үчүн дары-дармек, медициналык каражаттарды жөнөтүү максатында 16-сентябрдан тарта банктык эсептер аркылуу акча топтой баштаган. Бүгүнкү күндө тургундар, медициналык жамааттар, дарыгерлер, студенттер тарабынан 197 миң сом чогулганын жана ар бир тыйынга социалдык тармактарда отчёт берилип турарын билдирди.

«Бүгүнкү күнгө чейин 197 миң сом чогултулду. Анын 7 миң сомуна Баткен облусунун аскер кызматкерлерине дары-дармек алынып, жерине жөнөтүлдү. Кайсы каражаттарга муктаждык көбүрөөк болуп жатканын биз медициналык жамааттар, Баткенде иштеген дарыгерлер жана аскер кызматкерлери, алардын туугандары аркылуу билип жатабыз. Дары-дармектерди толук кандуу ала элекпиз. Муну биз Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тактап алабыз. Ар бир коротулган тыйынга социалдык баракчалар аркылуу маалымат берип турабыз».

Ленин райондук бешинчи муниципалдык аймак башкармалыгынын социалдык жана уюштуруучулук бөлүмүнүн башкы адиси Рахат Мамбетакунова ар бир жарандан келген жардам атайын «Түндүк» системасына каттала турганын айтып, буларга токтолду.

«Эл алып келип жаткан оокатты биз системага киргизебиз. Мисалы, эмне экенин, канча даана экенин, ким алып келгенин, анын телефон номурун «Түндүк» системасына каттайбыз. Аны кагазга да түшүрөбүз. Баары ачык-айкын болушу жана келген каражаттар түз Баткен элине жетиши үчүн каттап жатабыз».

Президенттин администрациясынын жооптуу кызматкери, штабдын координатору Алтынбек Кутманов бүгүнкү күнгө чейин жалпы 15 жүк ташуучу унаа жөнөтүлгөнүн маалымдады. Бул каражаттар Тажикстан кол салган аймактарга жетип, элге таратылышы тыкыр көзөмөлдө экенине токтолду.

«Бизге жетекчилик атайын план түзүп берген: гуманитардык жардам штабда чогултулат; андан кийин Бишкек шаарынан Баткен облусунун бирдиктүү базасына түшүрүп берүү керек. Бул арада ӨКМ жооптуу болот. Тагыраагы, топтолгон жүктөрдү унааларга жүктөп алып кетет. Андан кийин Баткендеги жергиликтүү штабдарга өткөрүлүп берилет. Ал жактан жарандык активисттер, жергиликтүү бийлик жана ӨКМдин кызматкерлери элдин калың катмарына жеткирип беришет».

Белгилей кетсек, жардам көрсөтүүнү каалагандар 1227 номуру аркылуу же Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосуна кайрылса болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашканын билдирди.

Расмий маалымат боюнча Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам келген. Анын 116 тоннасын ӨКМ, 301 тоннасын жарандар өздөрү жеткирген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп (635 тонна), Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Бардык аймакта гуманитардык жардамды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулган:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 12;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 69;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматына караганда, Баткен облусунун элин колдоо эсебине бүгүн, 19-сентябрь саат 10:00гө карата 26 миллион 72 миң 750 сом чогулду. Бул сумма — кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсептеги каражат.

Ички иштер министрлиги кырдаалдан пайдаланып, жеке кызыкчылыгы үчүн каражат чогулткан шылуундардан этият болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM