Биз менен байланышыңыз

59 адамдын өмүрүн алган Тажикстандын аскердик агрессиясы

Саясат | 19 Сен 2022 | 1746 | 0

Тажикстан тарап 14-сентябрда Кыргызстанга кол салды. Мамлекеттик жетекчилер маселе боюнча сүйлөшүп, атышууну токтотуу үчүн бир нече жолу макулдашты. Тилекке каршы, тажик тарап түзүлгөн келишимдерди кайра-кайра бузуп, куралдуу кол салуусун улантып жатты. Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 59 кыргызстандык шейит кетип, 170ке жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 282 коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган. Чек ара кызматы учурда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы чек ара тилкелери тыкыр көзөмөлдө экенин, бирок атышуу токтогону менен кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу дале курч бойдон турганын билдирди. 

Бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү. 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусуна кол салып, 59 жаран шейит кетти. Жабыр тарткандар 163тү түзсө, ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар.

Президент Садыр Жапаров бүгүн элге видео кайрылуу жасады. Анда ал шейит кеткен жоокерлердин жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, Мекенин коргоп жатып курман болгондордун энелерине таазим кыларын билдирди.

Ошондой эле ал жалпы кыргызстандыктардын биримдикте иш алып барып жаткандыктарына ыраазычылык билдирип, эвакуацияланган жарандарга толук жардам бериле турганын маалымдады.

«Мекен чегин коргоо — ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам!»

Президент алты мүнөттүк кайрылуусунда Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы маселелер толук чечилгенин, бүгүнкү күндө Тажикстан менен чектешкен жерлер гана такталбай, көйгөй жаратып жатканын, мындан ары бардык күч-аракет кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен чечүүгө багытталарын, сүйлөшүүлөрдү токтотпой турганын айтты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 километр чек ара тилкеси бар. Анын 664 километри такталып, дагы 308 километри калган.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча бир катар күч органдарын камтыган комиссия Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында өз ишин улантып жатат. Ташиев чек арадагы абал боюнча жалпы коомчулукка кайрылып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн шейит кеткен жоокерлерге таазим этип, алардын ата-энесинен кечирим сурады.

Ташиевдин айтымында, чек арадагы кырдаал толук турукташа элек. Учурда оор техникаларды чек арадан чыгарып кетүү аракети көрүлүп жатат.

«Бүгүнкү күндө чек арадагы абал толук стабилдүү боло элек жана үйүңөргө кайткыла деген буйрук бериле элек. Себеби абал толугу менен коопсуз болгондо гана айта алабыз. Учурда оор техникаларды чек арадан алып кетүү аракети жүрүп жатат. Кээ бир жерлерде иштер аябай оор жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен бир-эки күндүн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди өз үйлөрүнө алып келгенге аракет кылабыз. Алдын ала маалыматтын негизинде 300гө жакын үй жабыркады. Ал үйлөрдү тез аранын ичинде ордуна тургузуу боюнча чара көрөбүз. Туура кемчиликтер бар, баары жакшынакай болуп жатат деп айтуудан алысмын. Себеби ушундай оор кырдаал түзүлгөн маалда сөзсүз кемчиликтер болот экен. Мен Баткен эли менен аягына чейин ушул жерде болом. Баткенден эч жакка жылбайм. Мамлекет толугу менен өз жарандарын коргоого милдеттүү».

Башкы прокуратура Тажикстандын куралдуу кол салуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Баткен облусунда ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, иш башталды. Анын курамына Башкы прокуратурадан, Аскер прокуратурасынан, жергиликтүү бийликтен, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрликтеринен атайын өкүлдөр кирген.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрдагы куралдуу кол салууга өз баасын берип, Тажикстандын бул аракетин «көз карандысыз Кыргызстандын аймагына алдын ала пландаштырылган аскердик агрессиялык акт» деп атады.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз тарап чек ара маселесин ар дайым тынчтык жолу менен чечүүгө даяр экенин билдирип, тажик бийлигин акылга келүүгө, чек араны тактоо иштерин ылдамдатууга чакырды.

Марат Иманкулов белгилегендей, Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу буйругуна баш ийишкен эмес.

Анын айтымында, Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жеке өзү Дүйшөмбүдөгү кесиптештери менен бир катар сүйлөшүү өткөргөн.

«Мен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына эки жолу чалып, ок атууну токтотууну талап кылгам. Алар буйрук берилгенине ишендиришти. Ага карабай жеринде аткылоо күчөп, жетекчилеринин буйругун укпай жатышты. Бизден да суранышкандан кийин аткылоону токтотконбуз. Кыргыз чек арачылары жооп катары гана ок чыгарышты, бул зарыл болгон гана чара. Биздикилер жарандык инфратүзүмгө, жергиликтүү калкка бир да ок аткан эмес. Тажик тарап каалаган тарапка ок чыгарып, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча аткылашкан». 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал жалпысынан турукташууда. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, Тажикстандын аскердик агрессиясынан Баткендин Ак-Сай айылында эле 180ден ашык үй өрттөлгөн.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде тажик тараптан ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин 5 аймагынан ок чыгарышкан. 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн. Бирок 16-сентябрда таңкы саат 6:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Акыркы кол салуусу үч күнгө созулуп, тажик тарап оор бронетехниканы, реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын «тирүү» калкан катары колдонгон.

Чек ара кызматынын 19-сентябрь саат 8:00гө карата берген маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM