Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан ШКУнун саммитинин Кыргызстанга кандай мааниси бар?

Саясат | 15 Сен 2022 | 510 | 0

Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттерининн катышуусунда саммит өтүүдө. Тараптар өз ара алака-катыштын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат. Анын ичинде Кыргызстан үчүн маанилүү болгон темир жол куруу долбоору бар. Бул саммиттин алкагында өлкө башчы уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. ШКУ саммитинин өзгөчөлүгү, Кыргызстан үчүн мааниси туурасында талдоочулардын пикирлерин чогулттук. 

ШКУ саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бир нече мамлекеттин башчылары менен жолугушту. Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Орусия лидери Владимир Путин, Ирандын башчысы Сейед Эбрахим Раиси менен эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Мунун алдында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Темир жол тилкеси «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты менен өтөт. Анын узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган. Бул долбоор Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ экенин талдоочулар айтууда.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун пикиринде, темир жолдун курулушуна кол коюлганы мурдатан бери токтоп турган иштин алдыга жылганынан кабар берет. Муну менен Борбордук Азияда жаңы геосаясаттык архитектура түзүлөт. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн маанилүү долбоор жана Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чыгууга жол ачат.

«Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Европа Биримдигине жеткирүүнү камсыздайт. Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүдө аралыкты жана убакытты кыскартат. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө — жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана элдин каттамын жеңилдетип, транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет», — деди ал.

Саясатчы Улукбек Маматаевдин баамында, буга чейин темир жолдун курулушуна Орусия жана Казакстан тоскоолдук жаратып, бут тосуп жаткан. Азыр дүйнөдөгү кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан каршылыктарга карабастан, Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоп, эл-жерге пайдалуу долбоорлорду башташы керек.
Муну менен бирге ал бул жолку ШКУ саммитинин маанилүүлүгү жөнүндө сөз козгоп, анда көп нерсе президенттин кесипкөйлүгүнөн көз каранды деген ойдо.

«Самаркандда өтүп жаткан саммит өтө маанилүү. Өзгөчө акыркы күндөрү баарыбыз көрүп жатабыз, кыргыз-тажик чек арасында кандай ызы-чуулар болуп жатканын. Бул биздин президенттин кесипкөйлүгүнөн, канчалык сүйлөшүүлөргө бара аларынан көз каранды. Биздин президент Кыргызстанды бүгункү күндөгү кырдаалдан алып чыгып кетүүгө ошол жерде жакшы шарттар бар», — деди ал.

Дүйнөдө чоң геосаясий тиреш, тактап айтканда Орусия-Украина, Америка-Кытай өлкөлөрдүн ортосундагы алака, Азербайжан менен Армениянын ортосунда курчуган абалдын фонунда өтүп жаткан саммиттке жана анын алкагында кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизерин саясат таануучу Айбек Теңизбаев белгилеп, буларга токтолду.

«Азыркы тапта дүйнөдөгү чоң тирешке күбө болуп жатабыз. Тирешке туруштук берүү максатында Орусия, Иран, Кытай коңшу өлкөлөрүн өзүнүн тарапташы болууга чакырат. Анын жыйынтыгы ШКУнун чечимине сөзсүз түрдө таасир этет», — деди ал.

Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюумунун түзүлгөндүгүнө 21 жыл болду.

Азырынча саммиттин алкагында Кыргыз-кытай кызматташуусу боюнча төрт документке кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM