Биз менен байланышыңыз

Бөлтүрүктүн кармалышы «Кумтөрдөгү» коррупция маселесин кайра козгоду

Саясат | 14 Сен 2022 | 946 | 0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк кармалды. Алдын ала эсептөөгө ылайык, аталган ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген. Буга чейин «Кумтөр» боюнча маалыматтардын дал келбестигинен улам тиешелүү үч ишкананын жетекчилери алмаштырылган. «Кумтөрдү» башкарууга таза, билимдүү кадр деп чоң ишеним менен дайындалган президенттин кадры Тенгиз Бөлтүрүктүн коррупцияга шектелиши эмнеден кабар берет?

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн»  ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иштери козголгонун 13-сентябрда билдирген. Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык фактылар козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк кармалды. Башкы көзөмөл органы билдиргендей, мындан тышкары, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынып, учурда тергөө улантылууда. Алдын ала эсептөөгө ылайык, аталган акционердик коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

2021-жылы май айында Кыргызстан алтын кенге сырткы башкарууну киргизип, кенди өзүнө өткөрүп алуу аракеттерин баштаган. Анын башына Теңгиз Бөлтүрүк келген. «Коррупцияга аралашпайт» деген ишеним менен талапкерлигин сунуштаган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да жооп бериши керектигин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Исхак Маселиев айтты.

Анын айтымында, парламент өкмөттүн башчысын кызматтан бошотуу боюнча өзүнүн сунушун президентке бере алат.

«Жыйындын башынан бери Теңгиз Бөлтүрүктүн мамлекетке 1 млрд сом зыян келтиргенин талкуулап жатабыз. 1 млрд сом деген бул 10 мектептин акчасы. Башынан эле бир топ жарандар, саясатчылар, депутаттар «ишенбейбиз» деп айткан болчу. Бирок бизге «таза иштейт» деп айткан. Ошол таза иштейт деген Акылбек Жапаров деле жоопко тартылышы керек. Ишенген кишиси ушундай уурулук кылса, ээси да жооп бериши зарыл. Ошондуктан биз ушул маселени карашыбыз керек. Себеби, барыбыз укканыбыздай ал башка мамлекеттин жараны. Бөлтүрүктүн катышуусундагы келишимдерди, ал кол койгон документтерди кайрадан карап чыгышыбыз керек. Ал жакта да «кандайдыр бир пайда көрөм» деген ою болуп калышы мүмкүн. Биз комитетке «Кумтөр» боюнча маалыматты даярдап, карап чыккыла» деп. Мындай иштер боюнча депутаттар толук маалыматты алып туруп, конституцияга ылайык, сунуштарды беришибиз керек. Баш мыйзамга ылайык, өкмөттүн башчысына же мүчөсүнө кызматтан бошотуу боюнча сунушту бере алабыз. Келгиле, колдонуп көрөлү. Аны калтырып-калтырбоону президент чечет».

Ал эми Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктүн коррупциялык иштерге күнөөлүү же күнөөлү эместигин сот гана аныктай тургандыгын белгилеп, учурда «Кумтөр» өз ишин кадимкидей улантып жатканын маалымдады.

«Теңгиз Бөлтүрүктүн кылмышка шектелип кармалгандыгы боюнча кабарым бар. Анын коррупциялык иштерге күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Азыр атайын жумушчу топ түзүлгөн, ага Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлери кирип, текшерүү иштерин баштаган.  Бул Эсептөө палатасынны алдын ала чыгарган маалыматынын негизинде болду эле. Азыр эми «Кудай» деп туралы, мындайладын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. «Кумтөр» болсо өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм  сыртка кеткен жок. Жакында оппозицияны президент Садыр Жапаров чакырды. Алар комиссия түзүп келсе, алтынды кантип өндүрүп, кантип сактап, кантип сатып жатканыбыз боюнча маалымат беребиз. Учурда алардан сунуш күтүп жатабыз, бирок азыр мага сунуштар келе элек».

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталган. Буга байланыштуу «Кумтөр» компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Ошондой эле аталган ишти карап чыгуу боюнча Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Эсептөө палатасынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.

«Кумтөрдүн» айланасында ар түрдүү жаңылыктар чыгып жатса дагы парламенттин депутаттарында толук маалымат жок экендигин депутат Дастан Бекешев сынга алып, көзөмөлдөө жагынан парламент аксап жатканын белгиледи.

«Биз кен боюнча Өкмөттүн маалыматын угушубуз керек. Андан кийин аны комитет көзөмөлдөйбү же комиссия түзөбүзбү, аны дагы чечип алсак. Бул окуяларды жөн эле калтыра берсек, коомчулукта ар кандай нааразы пикирлер пайда болушу мүмкүн. Өлкөнүн эң чоң маселесин карабай жатабыз. Өзүбүз ар кандай каржы институттардан акча сурап жүрөбүз. Мына бюджетти колдоого 25 млн долларды алып жатабыз. А бирок өзүбүздүн ичибиздегилер 12,5 млн долларды уурдап жатышат. Ушуну биз жөн гана калтырабызбы?».

«Теңгиз Бөлтүрүк жаңычыл, билимдүү, дүйнө таанымы кенен болгондуктан «коррупцияга аралашпайт» деген чоң үмүт менен «Кумтөргө» жетекчи болуп келген. Бирок арадан бир жыл өтпөй анын мурадыгы кадрлардай эле коррупцияга шектелип кармалышы, бул өлкөдө коррупциялык системалар эч өзгөрүүсүз иштеп жатат дегенден кабар берет» дейт көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек.

«Бул жерде ар кандай күчтөр арасында ресурс бөлүшүү жүрүп жатат. Теңгиз Бөлтүрүк президентке жакын адамдардын бири. Улам эле президентке жакын адамдардын коррупцияга шектелип кармала бериши, кадрдык саясаттын чабалдыгын көрсөтүп жатат. Экинчиден, белгилүү бир убакыттан кийин «Кумтөр» кенин улутташырууда бир топ каталар кетти. Эми ушунун баарына Бөлтүрүктү күнөөлү кылып чыгара беришет. Бул киши дагы Канадага кетип калат, ошол менен бул иш боюнча «болоор иш болду, боёсу канды» деп кала беребиз. Кумтөрдү башкаруу оңой эмес. Өлкдөгү укук коргоо органдарында, сотто адилеттүүлүк, укуктуулук орномоюнча коррупция боло берет. Кумтөр бул-өлкөдөгү абалдын, укуктуулук деңгээлдин, бийликтин башкаруу саясатынын көрсөткүчү». 

Жарандык активист Атай Бейшебек уулу Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышын буга чейин алтынга байланыштуу баардык маалыматтардын сыр болуп жашырылышынын натыйжасы деп эсептейт. Ошондой эле ал бул улуттук долбоордун башында президент, өкмөт башчы баштап, бирок аягында жоопкерчиликти бир кишиге жүктөөсү түшүнүксүз деп эсептейт.

«Сырткы башкаруу кирип баштаганда биз баардык иштер, келишимдер, сатып алуулар ачык-айкын болуусун талап кылганбыз. Чарбачылык иштери, каржылоо маселеси кандай жүргүзүлүп жатат? Канадалыктар менен сүйлөшкөндө кандай принциптердин негизинде келишимге кол коюлду? деген суроолорду айытп келгенбиз. Бирок тилекке каршы бардык маалыматты жашырып келгендиктин натыжасы ушул болуп жатат. Бул деген эң маанилүү, улуттук долбоорлдордун бири эле. Өлкө башчысынын бийликке келүүдөгү эң негизи максаты катары сыпатталып келген. Бул долбоорундун башында президент Садыр Жапаров, Өкмөт башчы Акылбек Жапаров, Экология министри Динара Кутманова туруп баштап, анан жоопкерчиликти бир кишиге жүктөгөндүгү түшүнүксүз. Анткени сырткы башкаруу киргизилгенде ар бир иш аракети кылдаттык менен жүргүзүлүшү керек эле. Мындай коррупциялык тобокелчиликтер алдын алынышы керек эле. Бул бир киши чече турган долбоор эмес жана бир кишинин шектелиши дагы алдыда суроолорду жаратат».

2021-жылы май айында Кыргызстан кенге сырткы башкарууну киргизип, кенди өзүнө өткөрүп алуу аракеттерин баштаган. Ушул жылдын 29-июлунда «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүп алуу процесси толук аяктаган. Бийлик өкүлдөрү алтындын баары Кыргызстанда сатыла тургандыгын, бир грамм алтын өлкөдөн чыкпай тургандыгын айтышкан. Бирок Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 19 тоннага жакын алтын «белгисиз өлкөлөрдүн» бирине 1,1 миллиардга жакын долларга экспорттолгону белгиленген. Бул маалымат тарагандан кийин коомчулукта «Кумтөр» маселеси кайрадан кызуу талкууга түшүп, көп өтпөй «Кумтөрдүн» жетекчиси, андан тышкары «Кыргызалтындын» жетекчиси жана орун басарлары кызматынан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM