Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 526 | 0

Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек ара отряды такталбаган аймакка кирип, жайгашып алганын аныкташкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде согуштук позицияларды ээлешкен.

Аймактан чыгып кетүү боюнча кыргыз тараптын эскертүүсүнө карабай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Ага кыргыз тарап да жооп кылып, эки өлкөнүн чек арачыларынын атышуусу орун алып, Тажикстан миномет колдонгон.

Саат 09:30га карата атышуу маал-маалы менен болуп, кайра токтоп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучулар жок.

Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын башчысы барды. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылды. Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу аракетин көрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM