Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда кол койду.
Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңешт талкуулап, жактырган.
Гүлнара Баатырова 23-августтан тарта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган.
19-августта президенттин жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.
Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган.
2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү да болгон.