Бишкек шаарынын четиндеги №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бүгүн, 9-сентябра министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерине барды.
№47 колониянын имараты эскирип, заманбап талаптарга жооп бербегени, мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгына байланыштуу башка жакка көчүрүү чечими чыккан.
Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев маалымдагандай, 8,5 га аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан.
Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.
«Келерки жылдан тарта бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат», — деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле 5 жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.