Биз менен байланышыңыз

№16 түзөтүү мекемесинде футбол боюнча мелдеш өттү

Кыска кабар , Спорт | 30 Авг 2022 | 657 | 0

Эгемендүүлүк күнүнө карата Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Беловодск айылында жайгашкан №16- мекемесинде кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууруалуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, сергек жашоого үндөө жана спорттук форманы чыңдоо максатындагы мелдешке 5 команда катышкан.

Бир катар оюндардан кийин 1-орунду Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган команда ээлеп, Жаза аткаруу кызматынын кубогу менен сыйланышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM