Биз менен байланышыңыз

Базар-Коргондо дыйкандар талаа күнүн белгилешти (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 590 | 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дыйкандар үчүн «Талаа күнү» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар «Маралга» билдирди.

Иш-чаранын максаты – сынак талаасына эгилген продукциялардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү. Ошондой эле, практикалык тажрыйбалар менен бөлүшүп, региондогу жер иштетүүдөгү көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо.

Программанын алкагында өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, жүгөрүнү өстүрүү агротехнологиясы, дыйкандар үчүн мастер-класс уюштурулду. Ошондой эле дыйкандарды кызыктырган бардык суроолоруго окумуштуу-агрономдор жооп беришти.

Келген ар бир катышуучуга айыл чарба ишмердүүлүгүнө керектүү универсалдуу продукциялар белекке берилди. Алардын бири Кыргызстанда өндүрүлгөн «Унимакс» органикалык жер семирткичи (350 литр). Мындан тышкары, лотерея ойнотулуп, 7 орун боюнча жеңүүчүлөргө кымбат баалуу белектер берилди.

Иш чарага Ноокен, Базар-Коргон, Сузак районундагы жүгөрүгө кызыккан 200гө чукул дыйкан катышты. Бул 3 райондун сынак-талаасына эгилген Limagrain LG жүгөрү уругу Францияда өндүрүлгөн. Уруктар сыноо үчүн дыйкандарга акысыз берилген. Өсүмдүктөрдүн бардык өсүү этаптарын агрономдор коштоп, акысыз кеңештерин берип, келип көрүп турушкан.

Аталган бренддин Кыргызстандагы расмий өкүлү жана иш чаранын уюштуруучусу «Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борбору болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM