Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева мигранттардын балдарына эс алуу уюштуруу демилгесин көтөрдү

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 256 | 0

Бүгүн, 18-августта Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева бир нече министрликтердин жана чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында мигранттардын балдары үчүн жайкы жана кышкы эс алуу иш-чараларын уюштуруу маселеси көтөрүлдү.

Эльвира Сурабалдиева чет өлкөдө билим-тарбия алып жаткан балдарга өзүнүн ата мекени жөнүндө маалымат берүү максатында жайкы жана кышкы лагерлердин ишин жандандыруу зарылчылыгын айтты.

«Долбоор мекендештердин, келечек муундардын өз ата мекенине болгон сүйүүсүн арттырып, кыргыздын тарыхын, маданиятын үйрөнүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул үчүн биз тиешелүү шарттарды түзүп берүүбүз зарыл», – деди депутат. Муну менен катар бул маселенин алкагында министрликтер кандай жумуш алып барып жатканын сурады.

Екатеринбургдагы кыргыз деаспорасынын өкүлү Гүлшан Долонбаеванын айтымында, Орусияда болжол менен 1, 5 млн эмгек мигранты иштеп жүргөн болсо, алардын 300 миңдей баласы чөт өлкөдө билим алышууда.

Жыйынтыгында депутат Эльвира Сурабалдиева чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин балдарынан тышкары, ата-энеси алыста жүргөн мигранттардын, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дагы көңүл сыртында калтырбай, аларга моралдик психологиялык көмөк көрсөтүү үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу керектигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM