Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Оттук айылында мектептин курулушу аяктады

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 714 | 0

Ысык-Көл областынын Тон районунун Оттук айылындагы М. Мамбетова атындагы мектептин курулушу аяктоодо жана пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда куруучу компания тарабынан  бардык курулуш-монтаждоо иштерин аяктады. Ишке киргизүү жана аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө, эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулууда.

Мындан сырткары окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылып жатат.

Белгилей кетсек, 275 орундуу мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталган. Курулуштун сметалык наркысы 1 млн 55 миң 107  долларды түзүп, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Мектепти сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM