Биз менен байланышыңыз

Бишкекте УКМКнын жаңы имараты пайдаланууга берилди (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 147 | 0

Бүгүн, 18-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкектеги жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана УКМКнын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Маалыматка караганда, жаңы курулган имарат керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

Анда сөз сүйлөгөн УКМКнын төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип, коррупция менен күрөшүүгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын Талас, Нарын, Жалалабад бөлүмдөрүндө жаңы имараттары курулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM