Биз менен байланышыңыз

Базарбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун отурумуна катышты

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 88 | 0

Бүгүн,  18-августта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVII отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган отурумга ошондой эле Жогорку сотунун судьялары Күмүшбек Жоомартов, Аида Сейдакматова, Бишкек шаардык сотунун судьясы Антонина Рыбалкина катышып, доклад жасашты.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын 17-жыйынынын ачылышында сөз сүйлөгөн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жыйындын күн тартибинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара ишенимди, достукту жана жакшы коңшулаштыкты чыңдоого, кызматташууну өнүктүрүү кызыкчылыгында укуктук маалымат алмашууга, кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланып жатканын кубаттады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сот адилеттигинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле укуктун ар кандай чөйрөлөрүндө сот тутумунун мындан аркы кызматташуусунун перспективаларын талкуулашты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM