Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бейбаштыкка шектелген жигит кармалды

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 92 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты.

Милиция бөлүмүнө 7-августта А.А. аттуу жаран ошол эле күнү таңкы саат 05:30 чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, денесине залал келтирген белгисиз жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жабырлануучу дарыгерлерге кайрылганда, жаак сөөгү эки жеринен сынгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM