Биз менен байланышыңыз

Жалалабадда дөңгөлөк сатуучу дүкөн күйдү (видео)

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 393 | 0

Бүгүн, 18-август таңкы 6.00 чамасында Жалалабад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк сатуучу дүкөн күйгөн. Бул  тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, ӨКМдин бөлүмүнө кабар түшөр замат саат 06:14тө бир бөлүм тартылган.

Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга «Кыргызнефтигаз» ишканасынан эки өрт өчүрүү унаа жана Кочкор-Ата шаардык тазалык иш-канасынан автошаты тартылып, саат 06:39 курчоого алынып, саат 08:49да толук өчүрүлгөн.

Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрди түзгөн.

Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түзүүдө.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM