Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 28-августта веложүрүш өтөт

Кыска кабар , Спорт | 17 Авг 2022 | 858 | 0

Бишкекте 28-августта «Ден соолук менден башталат!» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын программасына ылайык, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында таңкы саат 9.00дө башталат.

Мэрия бардык велосипедчилерди жүрүшкө катышууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM