Бишкекте 28-августта «Ден соолук менден башталат!» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын программасына ылайык, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында таңкы саат 9.00дө башталат.
Мэрия бардык велосипедчилерди жүрүшкө катышууга чакырат.