Биз менен байланышыңыз

ТИМ Орусиядагы миграциялык каттоо боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 334 | 0

Тышкы иштер министрлиги социалдык түйүндөрдө сөз болуп жаткан «3 айга миграциялык каттоого туруу менен ушул жылдын 3-сентябрына чейин Кыргызстандын жарандарына чыгып-кирүүсү керектиги тууралуу» мыйзамы тууралуу түшүндүрмө берди.

ТИМ билдиргендей, аталган мыйзам чындыкка дал келбейт.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

Ага ылайык, каттоо бир жылга чейинки мөөнөт менен жашаган жери боюнча Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылуусу керек.

Эгерде Кыргызстандын жарандарынын Орусияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, ушул жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чек арадан чыгып-кирүүнүн зарылдыгы жок.

Ошондой эле министрлик Орусиянын миграциялык мыйзамдарын так сактоону суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM