Биз менен байланышыңыз

№47 колониянын ордуна мектеп, бала бакчаларды камтыган турак жай комплекси курулушу мүмкүн

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 428 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралган.

Жапаров тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM