Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 25-ноябрда биринчи элдик курултай өтөт

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 982 | 0

Ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи элдик курултай өтөт. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Бүгүн президент Садыр Жапаров «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул жарлык менен биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы дагы бекитилди:

Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович – Мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Чолпонбек – Президенттин кеңешчиси, «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Борубашов Бекбосун Ишенбекович – Президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;

Айтиев Замирбек Каримович – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Арабаев Чолпонкул Исаевич – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадырали Амиракулович – «Элдик Курултай жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Райымкулов Билим Сардалбекович – Адвокатуранын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Джунушалиев Айбек Жанышбекович – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Укушов Мурат Каниметович – Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Президенттин иш башкаруучусу;

Алимбаев Абдикарим Карбекович – Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алымбаев Нурил Джайылбекович – Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жамалдинов Зиядин Исламович – Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нарбеков Бакытбек Наркулович – Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович –Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эргешов Алтынбек Калдарович – Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.

Copyright © 2017 Maral FM