Биз менен байланышыңыз

Ислам шериктештиги оюндары: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 11 Авг 2022 | 791 | 0

Айсулуу Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарында экинчи ирет жеңишке жетти. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Түркиядагы турнирде кыргызстандык 11-августта 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Тыныбекова чейрек финалда казакстандык спортчуну 12:2 эсебинде жеңип, жарым финалда Сенегалдын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште Тыныбекова Гвинеянын өкүлү Ярие Камара менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.

2017-жылы Бакуда өткөн Ислам шериктештиги оюндарында да Тыныбекова алтын медаль тагынган.

Бул медаль Түркиядагы оюндарда Кыргызстан үчүн төртүнчү медаль болду – 2 алтын, 1 күмүш (Алмаз Сманбеков-эркин күрөш) жана 1 коло (Нуртилек Карыпбаев-эркин күрөш).

9-19-август аралыгында Конья шаарында (Түркия) бешинчи Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышмакчы.

 

Ислам шериктештиги оюндары: Эрназар Акматалиев алтын медаль утту

 

Copyright © 2017 Maral FM