Биз менен байланышыңыз

Ислам шериктештиги оюндарындагы алгачкы алтын

Кыска кабар , Спорт | 11 Авг 2022 | 404 | 0

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

70 килограмм салмак ченинде Эрназар Акматалиев жалпысынан 4 беттешке чыкты.

Алгач түркмөнстандык балбан Мекан Оразовду, кийин тажикстандык Жамшед Шарифовду мөөнөтүнөн мурда эки мүнөттө 11:00 эсебинде жеңип, оюндун кийинки баскычына өткөн.

Жарым финалда азербайжандык балбан Асгар Маммадалиев менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утту.

Финалда Эрназар Акматалиев ирандык  Хоссейн Абузарипашаколаин менен кез келип, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, бул оюндардагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Алдыда күрөштүн бул түрүнөн Мирлан Чыныбеков (92кг) коло байге үчүн күрөшөт.

9-19-август аралыгында Конья шаарында (Түркия) бешинчи Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM